2- Февраль 1987 -жылы
"тамашоучу" Бакыт Осмонканов төрөлгөн
"Тамашоу" долбоорундагы "Моника Беллуччи" командасынын капитаны, киносценарист Бакыт Осмонканов Бишкек шаарында төрөлгөн.
"Тамашоуго" чейин Евгений Акопяндын "Кыргызстан КВНи" Лигасында "Весёлый строитель" командасында ойногон. Кийин "Тамашоудон" "IUK" командасына кошулуп ойноп, андан чыккандан кийин "Моника Беллуччи" командасын түзүшкөн.
"Тамашоудон" сырткары телеалпаруучу, киносценарист катары да таанылып, жаштарга арналган көңүл ачуучу программаларды алып барып, кинолорду жаратып келет.