Биз социалдык тармакта
3- Февраль 1982 -жылы украиналык ырчы жана актриса Вера Брежнева туулган
Украиналык ырчы жана актриса Вера Брежнева (чыныгы фамилиясы – Галушка) Леонид Ильич Брежневдин мекени болгон Днепродзержинск шаарчасынын чет жагында төрөлгөн. Атасы менен апасы ошол эле кичинекей шаарчанын химиялык заводунда эмгектенишкен.
Вера Брежнева мектепти бүткөндөн кийин анын “юрист болом” деген тилеги ишке ашпай, экономика бөлүмүнө сырттан окууга өткөн. Днепропетровскидеги Инженерлер институтуна тапшырып жатканда Вера көпчүлүктүн назарын бурган суйкайган сулуу кыз болгон. 2002-жылы ал “Днепропетровск сулуусу” сынагына катышууну чечип, сынактан алгачкы турларынан өтүп кеткен. Бирок, жеңишке келаткан кызга “ВИА-Гра” тобунун кастингге чакырган сунушу жагып, сынактын аягына жетпей топко кошулуп, ырчы болуп калган.
Вера 2003-жылы топ менен кошо Киев шаарына келип, топтун жетекчилери Вераны Леонид Ильич тө­рөлгөн шаарчадан экенин билгенде: “Эми сенин фамилияң Брежнева болот”,- дешип ага жаңы фамилия беришкен.
2007-жылы аталган топтон биротоло кетип, жеке карьерасын баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан