Ырчы Дэн Бэлан Молдавиянын борбору Кишинёвдо туулган. Дэн Бэландын атасы Михай Бэлан дипломат, апасы Людмила Бэлан Молдовада популярдуу телеалпаруучу болгон. Ырчы 3 жашына чейин чоң энесинин колунда Огеев районунун Требужен айылында жашаган. 11 жашында ага ата-энеси аккордеон белекке берип, ошондон тарта жаш ырчы өзүнүн алгачкы обондорун чыгара баштаган. 1988-жылы 3-классынан тартып ыр жаза баштаган. 1994-жылы атасы Молдованын Израилдеги атайын элчиси болуп дайындалып, үй-бүлөсү менен Израилге көчүп кетишип, 1996-жылы Кишинёвго кайра кайтып келишкен. Георге Асаки мектебин аяктап, Молдова мамлекеттик университетинин укук бөлүмүнө тапшырып, бирок музыкага болгон сүйүүсү окуусун таштаганга мажбур кылган.