Орусиялык Биринчи каналдын башкы директору, продюсер жана телеалпаруучу Константин Эрнст Москвада туулган. Ленинграддагы №34 орто мектепти аяктап, ал эми 1983-жылы Ленинград университетиндеги биология факултетин бүтүргөн. Эмгек жолун илим-изилдөө институтунда баштап, 25 жашында биохимия боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.