Атактуу италиялык сүрөтчү Рафаэль Италиянын Урбино шаарында төрөлгөн. Атасы Жованни Санти орто заар сүрөтчү болгон. Баласы коларага жарап калганда Жованни аны сүрөтчүлүккө тарта баштайт. Рафаэлде сүрөт өнөрүнө болгон шык оозунан буума экенин түшүнгөн атасы ошо кездеги живописчилердин анабашы Пьетро Перуджиге тапшырат. Көп узабай Рафаэль устаты Перуджинин стили менен келиштире тартканга өтөт. Көргөндөр кимисинин сүрөтү кайсы экенин билбей калган деңгээлге жетет.