6- Февраль 1911 -жылы АКШнын 40-президенти Рональд Рейган туулган
АКШнын 40-президенти Рональд Рейган АКШнын Иллинойс штатындагы Тампико шаарында туулган.
Рональд Рейган Америка кошмо штаттарын 8 жыл башкарган. Президент катары Америкада социалдык реформаларды ишке ашырып, байлар менен жакырларды теңеген. Бирок ал дүйнө элинин эсинде элден мурда коммунизмге каршы жең түрүнө күрөшкөнү менен калган. Кай бир тарыхчылар СССРдин кулашынын башкы күнөөкөрү катары айыпташса, айрымдар анын ыдырашын тездеткени үчүн ыраазы. 
Рональд Рейган 69 жашында тактыга отурган. Америка тарыхындагы эң улгайган мамлекеттик жетекчи болгон. Ага карбастан Советтер Союзунун 4 башчысы менен кызматташканга үлгүргөн. Леонид Брежнев, Юрий Андропов, Константин Черненко жана Михаил Горбачёв. Байкоочулар Рейган советтик державанын соңку башкаруучусу менен мыкты тил табыша билген дешет. 
1985-жылдан 1987-жылга дейре Горбачёв менен Рейган төрт жолу жолугушкан. 1987-жылы бул жолугушуулар өз мүдөөсүнө жетип, СССР менен АКШнын ортосунда НАТОнун ядролук куралдуу күчтөрүн Европадан чыгарып кетүү жөнүндө келишимге кол коюлган.
Рональд Рейган саясатка аралашардан мурун Америкада киноактёр катары таанымал болгон. Ал Голливуд жылдыздары Кларк Гейбл, Кэри Гранттыкындай атак-даңкка жете албаса да, өз күйөрмандары көп болгон. 1937-1964-жылдары ал баш-аягы 53 киного тартылган.
Америкалык белгилүү киноактёр катары 1964-жылы президентикке ат салышып жаткан Барри Голдуотерди жактап сүйлөй коём деп саясий чөйрөнүн көзүнө илинип калат. Голдуотер шайлоодо жеңилгени менен, теледен аны жактап сүйлөгөн Рональд Рейган миллиондогон америкалыктардын эсинде калган.
1969-жылы Калифорниянын губернаторлугуна ат салышып көрүүнү ойлойт. Өзүн гана эмес, көпчүлүк саясатчыларды да таң калтырып, атаандаштарын оңой эле жеңип коёт. Губернаторлукта эки мөөнөт отурган. 
1974-жылдан баштап бүтүндөй Американы кыдырган Рональд Рейган эл менен пикир алышып, президенттик тактыга даярдана баштаган. Республикалык партиядан чыгып, шайлоодогу башкы атаандашы Жимми Картерди жеңген.
1989-жылы Рональд Рейган тактыдан кеткенден кийин көпчүлүк убактысын Калифорниядагы үйүндө жатып алып мемуарларды жазуу менен өткөргөн. Ал өзүнүн президенттик жылдарын өз өмүрүндөгү “Жарык шаарча куруу” жылдары катары сүрөттөйт. 
Анын өмүрүнө кол салуу болгон 1981-жылдан кийин ал коркунучтуу дарттар менен алпурушуп, алардын азабын көп тарткан. Кол салуу болгондо ок башынан кыйгап өткөн. Ал эми 1985-жылы түз ичегисинен шишикти алдырып, 1987-жылы тери рагына кабылып, оор операция жасаткан. 
1994-жылдан бери ал Альцгеймер аттуу илдет менен алпурушкан. Бул дарт мээ клеткаларын бузуп, эс тутумду солгундатат дешет медиктер. Байкоочулардын баамында, Рональд Рейган соңку кезде киши тааныбай, төшөктө жатып калган.
2004-жылы 5-июнда АКШнын 40-президенти Рональд Рейган 93 жаш курагында каза тапкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан