5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жусупали Исаев Тажик ССРинин Шураб шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1980-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту бүтүргөн.
1970-1972-жылдары “Кулунду” колхозунда иштеген. 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылган.
1980-1985-жылдары Лейлек районунун жол-курулуш башкармалыгында иштеген. Ал эми 1985-1986-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райондук комитетинде пропаганда жана агитация боюнча инструктор, 1986-1987-жылдары Лейлек райондук жол-эксплуатациялоо курулуш башкармалыгынын начальниги болгон.
1987-1989-жылдары Лейлек райондук №13 Жол пайдалануу-курулуш башкармалыгынын начальниги, 1989-жылы Лейлектеги Жол курулуш башкармалыгынын начальниктигине дайындалган. 1993-жылдан тартып 2010-жылга чейин “Ак тилек” АКсынын башкы директору болуп иштеген.
1995-жылы Лейлек райондук кеңешинин депутаттыгына, 2000-жылы Баткен областтык кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2003-жылы Баткен областтык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өзгөчө салымы үчүн 2008-жылы кайрадан Лейлек райондук кеңешинин депутаттыгына шайланган.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргызстандын унаа жана жол чарбасына көп жылдык ак эмгеги жана кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Ардактуу жолчу” төш белгисине ээ болгон. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” наамы ыйгарылган.
Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.