Советтик авиаконструктор, техника илимдеринин доктору, УССР ИАнын академиги, Социалдык Эмгектин Баатыры (1966), 1945-жылдан КПССтин мүчөсү Олег
Антонов Москва губерниясындагы Подольск уездине караштуу Троица кыштагында төрөлгөн. 1930-жылы Ленинграддагы Калинин атындагы политехникалык институтту бүтүргөн. 1946-жылдан тартып тажрыйба-конструктордук бюронун башчысы болуп иштеген. Олег Антоновдун жетекчилиги менен 80 тоннага чейин жүк көтөргөн Ан-10, Ан-24, Ан-12, Ан-22 турбовинттүү транспорттук учактар жасалган.