10- Февраль 1911 -жылы
советтик окумуштуу, механик жана математик, академик Мстислав Келдыш туулган
Советтик окумуштуу, механик жана математик, академик Мстислав Келдыш Ригада инженер-куруучунун үй-бүлөсүндө туулган.
Мстислав Келдыш 1927-жылы мектепти бүткөн соң, атасынын жолун жолдоп инженер-куруучу болууну каалаган. Бирок ал убакта 16 гана жашта болгондуктан куруучулар институтуна албай коюшкан. Улуу эжесинин кеңеши менен МГУнун физико-математикалык факультетке тапшырып, келечекке жол алган.