4- Февраль 1881 -жылы
советтик аскер башчы Климент Ворошилов туулган
Атактуу советтик аскер башчы Климент Ворошилов Орус империясынын Екатеринослав губерниясындагы Верхнее кыштагында туулган.
Совет доорунда Климент Ворошилов мамлекеттик жана партиялык ишмер, Жарандык согуштун катышуучусу, Советтер Союзундагы маршалдардын эң алгачкыларынын жана Сталиндин каардуу репрессиясынын уюштуруучуларынын бири катары таанылган.