1- Июль 2004 -жылы Америкалык актёр Марлон Брандо каза болгон
Легендарлуу “Өкүл ата” тасмасында Дон Корлеоненин образын жараткан америкалык актёр Марлон Брандо Лос-Анжелес аймагындагы ооруканада оор дарттан улам 80 жашында каза болгон.
"Оскар" сыйлыгына эки жолу татыган Марлон Брандо 1924-жылы 3-апрелде Небраска штатындагы Омаха жергесинде майда соода менен алектенген кишинин жана чакан шаарчада өнөрпоздук кесипти аркалаган айымдын үй-бүлөсүндө туулган. Марлон өзүнүн өнөрпоздук карьерасын 1944-жылы баштаган. Ал ошол жылы Бродвейде "Мен апамды сүйөм" деген пьесада рол аткарып, актердук тушоосу кесилген.
1951-жылы "Эңсөө деп аталган трамвай" (A Streetcar Named Desire) фильмине, 1953-жылы "Жапайы неме" (The Wild One) деген тасмага тартылган. Ал эми 1954-жылы "Деңиз жээгинде" (On the Waterfront) тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына алгачкы жолу татыган.
1960-жылдары ал америкалык индейлердин – "кызыл терилүүлөрдүн" - укугун коргогон кыймылдын жигердүү өкүлү катары таанылган.
Брандо режиссёр Фрэнсис Копполанын 1972-жылы тартылып бүткөн жана америкалык мафиянын ички оош-кыйыш турмушун чагылдырган "Өкүл ата" (The Godfather) тасмасындагы Дон Вито Корлеоненин ролун мыкты аткарган. Бул ролу үчүн кийинки жылы ага өзүнүн экинчи "Оскар" сыйлыгын ыйгарышканда, Марлон Брандо өлкөдөгү индейлердин укуктарынын бузулушуна нааразылык билдирүү ирээтинде киноакадемиянын бул жогорку сыйлыгын алуудан баш тарткан. Вьетнам согушуна арналган "Азыркы учурдун ойрон күнү" (Apocalypse Now) тасмасында ал сырдуу полковник Курцтун ролун ойногон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан