13- Февраль 2012 -жылы УКМКнын СИЗОсунда Бишкек ШИИББинин кызматкери Айбек Эшбаевдин асынып өлгөндүгү тууралуу маалымат ачыкка чыккан 
УКМКнын СИЗОсунда кызматтык кылмышы үчүн кармалып отурган Бишкек ШИИББинин кызматкери Айбек Эшбаевдин асынып өлгөндүгү тууралуу маалымат ачыкка чыккан. 
11-февраль күнү Бишкек шаардык прокуратурасына Дмитрий Смирнов деген жарандан арыз келип түшкөн. Арызда Смирнов жол кырсыгына кабылып, ушуга байланыштуу Айбек Эшбаев пара талап кылгандыгы айтылган. Анын негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы менен Финансы полициясынын кызматкерлери Айбек Эшбаевди кармашкан. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында каза болгон МАИ кызматкери Айбек Эшбаев 100 доллар пара алгандыгы үчүн айыпталган. 
Айбек Эшбаев 1996-жылдан бери ички иштер кызматында, анын ичинде акыркы 15 жыл МАИ кызматкери болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан