16- Февраль 1568 -жылы Испан инквизициясы Нидерландынын бардык тургундарына өлүм өкүмүн чыгарган
Католицизмдик динди таза сактап калуу үчүн Испания инквизицияны баштаган. Инквизиция - башка диндин өкүлдөрүн же ерестерди суракка алуу. Ал кезде Нидерланды Испаниянын башкаруусунда болгон. Испания көп чектөөлөрдү коюп койгон (мисалы, Англия менен соода кылууга). Ошол маалда Нидерландыда протестантизм күч алган. Протестантизм католицизмден айырмаланган. Католиктер аларды куугунтукташкан. Католицизмдик Испания Рим Папасынын колдоосунун кепилдигин алып, "еретиктерди" кыра башташкан. Ансыз да көп чектөөлөрдөн улам жини келип турган эл бунт чыгарып, көптөгөн жоготуулар болгон. Нидерландынын тургундарынын баары оңолгус еретиктер деп эсептелинип Испан инквизициясы баарына өлүм өкүмүн чыгарган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан