16- Февраль 1941 -жылы Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ир туулган
Корея элдик демократиялык республикасынын лидери, “улуу” кол башчы Ким Ир Сендин уулу, өлкөнүн төрт жолку баатыры жана лидери Ким Чен Ир туулган.
Айрым маалыматтар боюнча Ким Чен Ир Орусиянын Хабаров крайындагы Вятское кыштагында төрөлүп, алгач Юрий деген ысым берилген. Ал кезде анын атасы Кызыл армиянын командири болгон. 1945-жылы ноябрь айында Пхеньянга көчүрүлүп, Корея согушу башталганда Кытайга чыгарылган. Билимди Пхеньянда алып, саясий экономика адистигин бүтүргөн.
1961-жылы Корея Эмгек партиясына кирип, 1982-жылы депутат болуп шайланган. Кээ бир маалыматтарга ылайык, ал атайын кызматтардын ишмердүүлүгүн башкарган. Ал 1983-жылы болгон Бирмадагы терактты уюштурган деп айыпталган.
1991-жылы 24-декабрда Ким Ир Сен уулуна Элдик армияны өткөрүп берген. 1992-жылы Ким Чен Ир маршал болгон. Кийинки жылы апрель айында Корея Элдик Демократиялык Республикасынын Коргоо комитетинин башчысы болгон.
1994-жылы 8-июлда Ким Ир Сен каза болуп, 6-октябрда Ким Чен Ир расмий түрдө мамлекет башына келген. Ал эми 2011-жылы 17-декабрда Ким Чен Ир жүрөк оорусунан улам каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан