2- Июль 1925 -жылы Конголук коомдук жана саясий ишмер Патрис Лумумба туулган
Коомдук жана саясий ишмер Патрис Эмери Лумумба Конгодо (Африкадагы өлкө) төрөлгөн. Ал Конго Демократиялык Республикасынын Биринчи премьер-министри, Улуттук баатыр, акын, Африка элдеринин боштондук күрөшүнүн символу болгон. 
Боштондук үчүн болгон аракеттеринин кесепетинде камакка алынган. Түрмөдө жатып саясатка мыйзам жолу менен аралашууну ойлойт да, бошонгондон кийин “Конгонун улуттук кыймылы” аттуу партиясын негиздейт. Шайлоодо партия жеңишке жетишип, ал Конгонун биринчи премьер-министри болуп дайындалган. 1960-жылы 7-июлда П.Лумумба СССР менен дипломатиялык мамиле курууга жетишет. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бекемдөө үчүн Москвада анын атын жаңы ачылган Эл аралык достук университетине жана көптөгөн шаар көчөлөрүнө ыйгарууга чечим чыгарылат. 1960-жылы өлкөсүндөгү башаламандыкка жол бергендиги үчүн Лумумба жумушунан бошотулуп, үй камагына алынган. Андан бир жыл өтпөй 1961-жылы 17-январда каза тапкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан