12- Февраль 2010 -жылы
Канаданын Ванкувер шаарында XXI Кышкы Олимпиадалык оюндардын салтанаттуу ачылышы болуп өткөн
Канаданын Ванкувер шаарында XXI Кышкы Олимпиадалык оюндардын салтанаттуу ачылышы болуп өткөн.
Буга чейин Ванкувер 1978-жана 1980-жылкы Кышкы Олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө талапкерлик кылган. Биринчи жолу добуш берүүдө Инсбрук көп упай топтоп кетсе, кийинки жолу Лейк-Плэсид жеңип кеткен. Ошентип, канадалыктар күткөн күн да келип, 2003-жылы 2-июлда ЭОКтун Прагада өткөн 115-жыйынында Ванкувер 2010-жылкы Олимпиаданы өткөрүү сынагында жеңип чыккандыгы жарыяланган. Ошондо добуш берүүдө Ванкувер кореялык Пхёнчхан жана австриялык Залбцбург шаарларын артта калтырган.
Ага 82 өлкө катышып, катышуучу спортчулардын саны 2766га жеткен. Жалпы ойнотулчу медалдардын саны спорттун 7 түрү боюнча 86 комплектти түзгөн. Олимпиада өтүүчү башкы арена – “Би-Си Плэйс” стадиону болгон.
"Ванкувер–2010го" эң көп спортчу (216) АКШнын желеги астында катышкан. Спортчулардын саны жагынан 2-орунда Канада турса (205), кийинки орунду ээлеген орусиялыктардан Ванкуверге 178 спортчу барган.
28-февралда Ванкуверде XXI Кышкы Олимпиадалык оюндары аяктаган. Жабылыш аземинде Ванкувердин шаар башчысы Грегор Робинсон Олимпиаданын желегин Сочинин мэри Анатолий Пахомовго өткөрүп берген.