Роберт "Боб" Пейсли Англиянын Тайн жана Уир графтыгында төрөлгөн. Кезинде "Ливерпуль" футболдук клубунда коргоочулук амплуада ойноп, көп жылдар бою клубдун капитаны болгон. Машыктыруучулук ишмердүүлүгүндө ал "Ливерпуль" менен 9 жыл ичинде түрдүү мелдештерде 20 чемпиондукка жетишкен. Ал башында турган маалда ливерпулдук клуб 6 ирет Англия Премьер Лигасын, 3 ирет Чемпиондордун кубогун (Азыркы УЕФАнын Чемпиондор лигасы) уткан.