Кореялык бизнесмен, “Samsung” компаниясынын негиздөөчүсү И Бёң Чоль Кореянын Тэгу шаарында фермердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы каражат топтоп, уулун Токиодогу университетте окутууга бүт аракетин жумшаган. Окуусун аяктаган И Бёң Чоль жеке бизнес менен алек болууну чечет. Алгач күрүч тегирменин ишке киргизип, эки жылдан соң коңшу өлкөлөргө экспорттой баштаган. Ал эми 1938-жылы "Samsung Trading Company" аталышындагы азык-түлүк тармагындагы ишкана ачкан. “Самсунг” деген сөз "үч жылдыз" деген маанини билдирет. И Бёң Чоль "Үч жылдыз" деп үч эркек уулунун урматына атап койгон. Бирок 1950-жылы бизнеси күйүп кетип, бир жылдан соң кайра баарын жаңыдан баштаган.