13- Февраль 1992 -жылы
орусиялык математик, механик жана физик, академик Николай Боголюбов каза болгон
Орусиялык математик, механик жана физик, академик Николай
Боголюбов 82 жашында Москвада каза болгон.
Николай Боголюбов математикалык анализде жакындатып эсептөө методу, математикалык физика, сызыктуу эмес механиканын асимптоталык методу, динамикалык система теориясы, статистикалык физика жана талаанын квант теориясы боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн. Чет өлкөлүк бир нече академияга мүчө, СССР Жогорку Кеңешинин 7-8-9-чакырылыштарында депутат болгон. Николай Боголюбов 1947 жана 1953-жылдары СССР Мамлекеттик, 1958-жылы Лениндик сыйлыктарынын лауреаты, 5 жолу Ленин ордени жана башка орден жана медалдар менен сыйланган.