Франциялык астролог жана дарыгер Нострадамус подагра оорусунан каза болгон.
Фармацевт, алхимик, өзүнүн алдын ала айткандыгы менен белгилүү болгон, Нострадамус аты менен таанылган Мишель де Нострдам 1503-жылы 14-декабрда туулган.
1518-жылы Нострадамус Авиньонго окууга барат. Ал жактан музыка, логика, риторика, грамматика, астрология, астрономия, геометрия, арифметика илимдерин окуган. 1519-жылы Нострадамус чуманын дарысын табам деп окуусун таштап кеткен. Анын кийинки 8 жыл биографиясы белгисиз.
1529-жылы ал медициналык факультетке тапшырып, 1534-жылы аяктаган. Нострадамус Германия жана Италияда саякаттаган. 1544-жылы Марсельде врачтык практикасын жаңылап, 1546-жылы Франциядагы Экс-ан-Прованста чума менен алышкан. Өз жанын аябай эмгектенгени үчүн Экс-ан-Прованстын парламенти өмур бою пенсия төлөгөн.
1555-жылы Нострадамус өзүнүн алгачкы астрологиялык адабий чыгармаларынын жыйнагын жарыялаган. Ошол эле жылы Лиондо Центурий китеби жарык көргөн. Бул китепте ал адамзаттын келечектеги тарыхын жазган.
1561-жылы ал гугенотторго каршы болгон католиктердин араң качап кутулган. Ушул жылы Нострадамусту бийлик Карл IXнун тагдырын айтып берүүнү талап кылып, үй камагына алышкан.