6- Январь 1956 -жылы Мамлекеттик ишмер, экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев туулган
Мамлекеттик ишмер Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. 1979-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун Алай жол-курулуш башмармалыгында мастер, прораб болуп баштаган.
1980–1985-жылдары - Өзгөн жол-курулуш башмармалыгында мастер, прораб, начальник.
1985–1992-жылдары – “Түштүкжолтранскурулуш” трестинин башкы инженери, башкаруучусу.
1992–1996-жылдары – Кыргыз Республикасынын Транспорт министринин биринчи орун басары.
1996–1997-жылдары – Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо жана эксплуатациялоо боюнча башкы дирекциянын башкы директору.
1997-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министри.
1998-2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри.
2000-2001-жылдары – Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын башчысы.
2001-2003-жылдары – Ош облусунун Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалыгынын башчысы – мэр.
2003-2004-жылдары – КР Президентинин электр-энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү.
2005-2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
2006-2007-жылдары – Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы – губернатор, президенттин түштүк регион боюнча өкүлү.
2010-2011-жылдары – КР Вице-премьер-министри – Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору.
2011-2012-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси.
2012-жылдын 6-сентябрынан 2014-жылдын 25-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп иштеген.
2014-жылдын 25-мартында Жантөрө Сатыбалдиев КРнын Премьер-министрлик кызматынан кеткен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан