23- Август 1968 -жылы Саясий ишмер Тайырбек Сарпашев туулган
Саясий ишмер Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Торкент айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1991-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин эсептик-экономика факультетин бүтүргөн.
Иш тажрыйбасын жеке ишкердик менен алектенүүдөн баштаган. Беш жыл бою "Градиент" ЖЧКнын директору болуп турган.
Тайырбек Сарпашев 2000-2007-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болуп, 2012-жылдын 6-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри болуп иштеген. Ал эми 2014-жылдын апрель айынан тартып биринчи вице-премьер-министр болуп эмгектенип келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан