28- Декабрь 1967 -жылы
экс-министр Камила Талиева туулган
Экс-министр Камила Талиева Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылында туулган. 1975-1985-жылдары "Октябрдын 50 жылдыгы" орто мектебин бүтүрүп, 1987-1990-жылдары А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын аяктаган. 1990-1995-жылдар аралыгында Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинен билим алып, артыкчылык дипломуна ээ болгон. Ал эми 1996-жылы Бишкектеги Билим берүү институтунун кадрларды кайра даярдоо факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, 1999-жылы кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон. Камила Талиева 1997-2000-жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясында аспирант, 1995-1997-жылдар аралыгында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде лаборант, улук лаборант болуп иштеген. 2000-жылдын 15-сентябрында Кыргыз улуттук илимдер академиясында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, Жалал-Абад мамлекеттик университетине барып, алгач улук окутуучу, доцент болуп иштеген. 2002-жылдан баштап аталган университеттин филология факультетинде окуу иштери боюнча декандын орун басары болуп эмгектенген. 2005-жылы апрель айынан баштап 2008-жылы март айына чейин Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында губернатордун социалдык маселелер боюнча орун басары, ал эми 2008-2009-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уюштуруу инспекторлук иштер жана регионалдык көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн регионалдык көзөмөл секторунун эксперти болуп иштеген.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ар-намыс” саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон. Ал эми 2012-жылы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалып, 2014-жылдын 4-апрелине чейин иштеген. 2014-жылдын 4-апрелинен тартып маданият министри болуп, 2014-жылдын 16-сентябрында кызмат ордунан бошотулган.