Атактуу америкалык жазуучу, журналист Эрнест Хемингуэй 61 жашында өзүнүн мергенчилик мылтыгы менен өзүн-өзү атып өлтүргөн.
Эрнест Хемингуэй 1899-жылы 21-июлда Чикагонун жанындагы Оук–Парк деген чакан шаарчада врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Жаш Эрнестин балалык чагы ушул шаарчада өткөн. Энеси жашоо турмушунда динчил мещандык салтын бекем сактаган адам болгон. Ал эми атасы болсо өтө жаш кезинен эле балыкчылык кесибине үйрөтөт. Балык уулоо ушундан баштап Эрнест Хемингуэйдин эң бир сүйгөн кесибине айланган.
Адабий эмгектерди жазуу иштери эрте ойгонгон. Мектепте окуп жүргөндө эле Эрнест Хемингуэй мектептин журналында кызмат өтөй баштайт. Балким, бул нукура чыгармачылык эместир бирок ошондой болсо да мектеп журнал ишине катышуу жаш өспүрүмдүн ички мүмкүнчүлүктөрү бар экенине далил болот.
Э.Хемингуэй өзүн жаш кезинен дене тарбия жагынан ар түркүн көнүгүүлөргө, машыгууга даярдаган күчтүү адам болот. Ал турмак бир учурда бокс спортуна да кызыгат. Ар түрдүү спорттук жарыштар, испандыктардын бука челиштирүү оюну жана башкаларга кызыгуусу анын чыгармачылык максаттарына да байланыштуу болот. Кийинчерээк ушул кесиптеги адамдардын образын сүрөттөө аркылуу Хемингуэй дегеле адамдын табияты эмнеге жөндөмдүү экенин, ал кандай кыйынчылык сыноолорго чыдай ала турганын таанып билүүнү максат коёт.
Иштеген кызматтары 1917-жылы мектепти, окууну бүткөндөн кийин, Казан-Сити шаарына келип, “Стар” деген газетада репортер болуп иштейт. Газетанын беттеринде Э.Хемингуэйдин журналисттик ишмердиги башталат. Ушул учурда ал көркөм чыгармаларды көп окуп, жазуучулук ишке баш оту менен берилип, биротоло ошол кесипке багыт алган. Стендаль, Флобер, Бальзакты окуп, орус адабиятынан Тургенев, Толстой, Гоголь, Достоевскийди терең изилдеп окуп чыккан. Кандай гана чоң жазуучу болбосун, анын чыгармачыл жолу кантсе да өзүнөн мурдагыларды үйрөнүп, өздөштүрүп, алардын улуу салтын жаңы турмуштук шарттарда өзүнчө улантуудан башталат. Мына ушул жагдайда Э.Хемингуэйдин орус адабиятына, атап айтканда, Толстой менен Достоевскийдин чыгармачылыгына бөтөнчө көңүл бөлүшү кокусунан эмес. Анткени, орустун бул улуу жазуучулары бардык мезгил үчүн көркөм чыгармачылыктын өзүнчө бир түбөлүк мектеби болуп кала берет.
Көп узабай америкалык чоң журналдар Эрнест Хемингуэйдин аңгемелерин жарыялай баштайт. Бирок анын дүйнөлүк адабий даңкы 1926-жылы жарыяланган "Күн да чыгат " ("Фиеста") деген биринчи романынан улам башталат. Мына ушундан баштап америка адабиятынын тарыхына ашкере таланттуу, өзүнчө көз карашы бар зор жазуучу келгени айгине болот.
Табиятынан тынчы жок жаралган адам, анын үстүнө такай адабий изденүү жай алдырбаган Э.Хемингуэй дүйнөнү кыдыруу саякатын тынымсыз уланта берет. Мына ушундай бир саякат учурунда Конгого бараткан жолдо 1954-жылы спорттук учакта катуу кырсыкка учурайт. Аман-эсен калып, бирок ооруга чалдыгат. Жеринен саламаттыгы мыкты адам кадимкидей эле чыгармачылыгын уланта берет. Бирок 1961-жылы Гаванадан (Куба) мурда жашап жүргөн американын Айдахо деген штатындагы Кетчем деген шаарчага кайрадан кайтып келип, ошол эле жылы өз жанын кыйган.
Эрнест Хемингуэй 1954-жылы "Нобель" сыйлыгына татыктуу болгон.