Таалайбек Өмүралиев Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Алма-Ата жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын аяктаган. 2000-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын, 2009-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын бүтүргөн.