14- Май 1956 -жылы Кыргыз Республикасынын мурунку финансы министри Ольга Лаврова туулган
Кыргыз Республикасынын мурунку финансы министри Ольга Лаврова Орусия Федерациясынын Алтай аймагына караштуу Барнаул шаарында төрөлгөн.
1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин "Финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган.
Алгачкы эмгек жолун СССР Мамлекеттик банкынын Биринчи май бөлүмүндө экономист кызматы менен баштаган.
1978-1985--жылдары Кыргыз ССРнин финансы министрлигинин экономисти, ага-экономисти, жетектөөчү экономисти.
1985-1993-жылдары Фрунзе шаардык финансылык башкармалыгында бөлүм башчысынын орун басары, бөлүмдүн начальниги.
1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Көзөмөл палатасында инспектор, бөлүм башчы
1996-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын кенешчиси, аудитору
2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрайымы
2007-2012-жылдары ОсОО "Гаспромнефть Азия" ЖЧК башкармалыктын начальниги
Ал эми 2012-жылдын 6-сентябрынан тарта КРнын финансы министри болуп, 2015-жылдын 11-апрелинде өз каалоосу менен отставкага кетүүгө арыз жазган. Арызга президент Алмазбек Атамбаев 13-апрелде кол койгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан