15- Декабрь 1964 -жылы
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов туулган
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айылында туулган. Билими жогорку, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.
1983-1985-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы "Фрунзестрой" ишканасында таш тизүүчү болуп баштаган. Кийин мамлекеттик курулуш ишканаларында инженерлик кызматтарда иштеп жүрүп, заводдун директорлугуна чейин жеткен. 2000-жылдардын башында курулуш иштеринин баары токтоп, ошого байланыштуу заводдор да токтоп, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жумушка кирүүгө сунуш болгон. Ошентип 10 жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп келе жаткан, 2011-жылдын 24-декабрынан бери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган.
2018-жылы 20-апрелде биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды.