10- Январь 1955 -жылы мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов туулган
Мамлекеттик ишмер, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов Ысык-Көл облусунда туулган.
Билими жогорку. 1973-жылы Фрунзе Политехникалык институтуна электр станциялары, тармактар жана системалар адистигине тапшырып, 1978-жылы аяктаган. Ал эми 1995 -жылы Голландиядагы Лейден университетинин Эл аралык энергетика укуктары институтун бүтүрүп келген.
Эмгек жолуна кайрылсак, 1978-1986 -жылдары "Кыргызэнерго" ишканасында инженер, башкы инженер, кураторлор секторунун башчысы, 1986-1991-жылдары ошол эле "Кыргызэнерго" ишканасында башкы инженердин орун басары, перспективдүү өнүгүү боюнча кызматтын башчысынын орун басары болуп эмгектенген. Ал эми 1991-1993-жылдары Чүй электр тармактары боюнча ишканада башкы инженер, 1993-1994-жылдары "Кыргызэнерго" ишканасында техникалык борбордун башчысы, 1994-1997 -жылдары "Кыргызэнергохолдинг" компаниясынын аткаруучу директору болуп иштеген.
1997-2001-жылдар аралыгында Талас өрөөнүндө электр менен жабдуу иштерин жакшыртуу боюнча долбоордо иш алып барып, ПС-500 кВ "Алабель", 220 кВ "Семетей", ВЛ 220 кВ "Алабель-Семетей" курулуш иштерин техникалык жактан көзөмөлгө алып турган. 2001-2002-жылдары Ош облусунда электр тармактарын куруу иштерин ошондой эле ПС-220 кВ "Айгуль-Таш", ПС-220 кВ "Алай", ПС-110 кВ "Баткен" курулушун көзөмөлдөгөн. Ал эми 2000-2010-жылдары "Нарын облусу боюнча техникалык жоготууларды азайтуу" долбооруна катышып, Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо иштерине көзөмөл кылган. Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо жана CASA-1000 долбоорунда иш алып барган.
Автандил Калмамбетов 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары (аталган кызматка 2011-жылдын апрель айында жана 2012-жылдын март айында кайра дайындалган) болуп эмгектенип жүрүп, 2012-жылдын 6-сентябрынан 2013-жылдын 22-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри болуп эмгектенген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан