30- Апрель 1978 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров туулган
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетин "экономист-ишкер" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 2001-жылы жеке ишкердиктен баштаган. 2008-2011-жылдары "Гарант" АООТ директору болгон.
2011-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган.
2011-жылдын сентябрында "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү.
2018-жылы декабрь айында КСДПнын тизмеси менен депутат болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан