25- Март 1962 -жылы 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлнара Жамгырчиева туулган
5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлнара Жамгырчиева Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылында туулган.
Билими жогорку. 1982-жылы Фрунзедеги политехникалык техникумду "гидромелиорация" адистиги боюнча бүтүрүп, техникумдун комсомол комитетинин секретары болуп иштеген. Ал эми 1991-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүрүп, “инженер-гидротехник” адистигине ээ болгон.
1990-1991-жылдары Бишкек шаарындагы №112-кесипчилик-техникалык окуу жайында "тамак-аш даярдоочу" адистигин алган. Ошондой эле 1995-жылы Балыкчы шаарындагы №22-кесипчилик-техникалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктап, бухгалтер адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1982-жылы Балыкчы шаарында китепканачылыктан баштап, андан соң УПТК "Кыргызколхозкурулушта", Ысык-Көл облустук Суу чарба башкармалыгында инженер болуп иштеген.
Ал эми 1997-2003-жылдары "Кыргызтрансавто" акционердик коомунда эсептөө боюнча техник жана профсоюз комитетинде төраганын орун басары болгон.
2004-жылдын апрель айынан баштап 2006-жылдын июнь айына чейин Балыкчы шаарындагы "Интерсервис АЛЯН-КВТ" ЖЧКсында менеджер, бухгалтер-кассир болуп иштеген.
2010-жылдын февраль айынан баштап "Кыргызтрансавто" АККсында эсептөө боюнча техник болуп эмгектенген.
2010-жылдын ноябрында Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү.
Өзүнүн эмгек жолунда көптөгөн медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланган.
"7-апрель элдик революциясынын баатыры" наамынын ээси. Ошондой эле “Таэквондо федерациясынын ардактуу президенти” деген Испаниянын эл аралык маанидеги наамы ыйгарылган.
Ал эми 2015-жылдын 21-январында Гүлнара Жамгырчиева акыйкатчынын орун басары болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан