2- Март 1960 -жылы V чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошова туулган
V чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошова Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1999-жылы Фрунзе fвтожол техникумун техник-куруучу кесиби боюнча, 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган.
1979-жылы Ош СМУТТнун техниги, 1979-1980-жылдары “Памир Тракт” башкармалыгынын инженери, 1982-1983-жылдары болсо “Лина” өндүрүштүк бирикмесинин капиталдык курулуш бөлүмүнүн инженери, башчысы (Выру шаары, Эстон ССРи) болуп иштеген. Ал эми 1983-1984-жылдары СССР Мамбанкында курулуш боюнча инспектор (Выру шаары, Эстон ССРи), 1984-1985-жылдары шаардык аткаруу комитети, Капиталдык курулуш башкармалыгынын улук инженери (Фрунзе шаары), 1985-1990-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер cоветинин иш башкармалыгынын чарбалык башкармасынын Эс алуу үйүнүн турак жай коммуналдык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 
Ошондой эле 1990-1991-жылдары Октябрь райондук аткаруу комитетинин курулуш боюнча инспектору (Фрунзе шаары); 
1991-1993-жылдары Чүй облустук кеңешинин төрагасынын капиталдык курулуш боюнча кеңешчиси; 
1993-жылы - “Бишкек-93” эл аралык көргөзмө дирекциясынын башкы мүдүрү; 
1993-1996-жылдары - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары; 
1996-1998-жылдары - Жалал-Абад мамлекеттик администрациясы, губернатордун орун басары;
1998-2001-жылдары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусунун бөлүм башчысы;
2001-2010-жылдары - Курманжан датка атындагы кайрымдуулук фондунун төрайымы болгон.
Жылдызкан Жолдошова 2005-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп, 2008-жылы ал кызматтан өз каалоосу менен бошотулган.
2010-жылдын октябрында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Жылдызкан Жолдошова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1996-ж.), “Мээрман эне” наамы, “Боорукер” фонду ЮНЕСКО менен биргеликте (2002-ж.), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамы (2007-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2012-ж.), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы (2012-ж.) жана башка сыйлыктардын ээси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан