
5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Алла Измалкова Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1984-жылы Томскидеги (ОФ) башкаруунун жана радиоэлектрониканын автоматташтырылган тутумдары институтун (ТИАСУР) “башкаруунун автоматташтырылган тутумдары, инженер-системотехник” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Кыргыз тоо-кен комбинатынын Чыгыш кен башкармалыгында баштап, 1994-жылга чейин ал ишканада инженер-экономист, нормировщик, бухгалтер кызматтарында иштеген.
1994-жылдан тарта – Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатынын авторемонт заводунун бухгалтер, экономист, каржы директору - башкы бухгалтери.
2002-жылы акционерлердин чогулушунун чечими боюнча “Авторемонт заводу” ААКсы заводуна башчылык кылган.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
Калкты социалдык коргоо жаатындагы жигердүү жана үзүрлүү иши үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2007-ж.). Кыргыз Республикасынын президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы Жарлыгы менен “Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чени ыйгарылган.