
5-чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев Нарын шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1982-жылы С.М.Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн.
1971-1973-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1973-жылы контролерлуктан баштаган, андан кийин Нарын башкы автотранспорттук ишканасында атайын бөлүктөр боюнча улук инженер болуп иштеген.
1979-1984-жылдары – Кыргызстан Компартиясынын Нарын шааркомунун Уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, Пропаганда жана агитация бөлүмүнүн инструктору;
1984-1985-жылдары – М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрынын директору,
1985-1988-жылдары – Нарын облаткомдун маданият башкармалыгынын начальниги, Эл депутаттарынын Нарын облустук советинин аткаруу комитетинин катчысы;
1988-1991-жылдары – "Чүй агроөнөр жай курулуш" трестинин кадрлар бөлүмүнүн начальниги, башкы диспетчери, УПТК начальниги болуп иштеген.
Ал эми 1991-жылы "Тянь-Шань" ЛТД ЖЧК директорлугуна дайындалган.
1996-жылы – "Руланд-Бишкек" БИ башкы директору;
1999-жылы – "Мунай" нефтепродуктуларын жеткирүү боюнча мамлекеттик ишканасынын Балыкчы нефтебазасынын директору;
2000-жылы – "Мунай" нефтепродуктуларын жеткирүү боюнча мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору, башкы директорунун биринчи орун басары;
2004-жылы – "Залкар курулуш" ЖЧК башкы директору болуп эмгектенген.
2007-жылдын декабрында IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Өнөр жайын өнүктүрүү, соода, туризм, чакан, орто бизнес, транспорт, коммуникациялар жана архитектура комитетинин төрагасынын орун басары, Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгон.
Ал эми 2010-жылдын октябрында "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2000-ж.), "Руханият" эл аралык сыйлыгы (2000-ж.) менен сыйланган. Ошондой эле Нарынбек Молдобаев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген курулушчусу (2009-ж.).