5-чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов Ош облусунун Кара-Кулжа айылында туулган.
Эмгек жолун 1970-жылы Совет районундагы элге билим берүү бөлүмүндө статис-иш кагаздарын жүргүзүүчү болуп баштаган, андан кийин Кара-Кулжа орто мектебинде улук пионер вожатый, жумушчу жаштар мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.
Курманбек Осмонов 1971-1973-жылдары СССР ИИМ аскер бөлүгүндө кызматын өтөгөн.
Ал эми 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине “укук таануучу” адистиги боюнча тапшырган. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин Ош облустук аткаруу комитетинде улук юрист болуп эмгектенген.
1981-1983-жылдары – облустун мамарбитражында башкы арбитр, кийинки 4 жылда Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунда административдик органдар бөлүмүнүн инструктору, 1987-1991-жылдары – Ош шаардык сотунун төрагасы, Кыргызстан Компартиясынын БК мамлекеттик органдар менен байланыш жана мыйзам чыгаруу демилгеси боюнча топтун башчысы, 1991-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сот органдары башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. 1992-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, биринчи орун басары, 1994-2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, 2000-2002-жылдары – Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Ал эми 2002-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган, 2003-жылы айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине бекитилген.
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагалыгына шайланган. Бул кызмат ордунда 4 жыл иштеген. 2009-2010-жылдары – өзгөчө тапшырма боюнча элчи, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп эмгектенген.
2010-жылдын октябрында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү.
Курманбек Осмонов “Даңк” медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Орусиянын коомдук биринчи даражадагы "Улуу Пётр" ордени менен сыйланган.
Ошондой эле Курманбек Осмонов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, жогорку квалификациялуу класстагы судья. Юстициянын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Андан сырткары Курманбек Осмонов Коопсуздук, коргоо жана укук тартиби проблемалары боюнча Орусия Академиясынын академиги.
2006-жылы “Кыргыз Республикасынын сот реформасын өнүктүрүүнүн маселелери жана жолдору” аттуу китеби жарык көргөн.