18- Март 1965 -жылы Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов туулган
5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Султанов Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1990-жылы Жалал-Абад зооветтехникумун "техник-электр-механик" адистиги боюнча, 2009-жылы Ош технологиялык университетин “экономист” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр совхозунда айыл чарба машиналарынын слесары болуп иштөөдөн баштаган. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Андан соң 1987-жылдан тартып 1988-жылга чейин Кара-Суу мамлекеттик малды интенсивдүү бордоп семиртүү боюнча атайын чарбада улук жумушчу болуп иштеген.
1988-1993-жылдары – Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык" кой чарбачылыгы жана мал чарбачылыгы боюнча тажрыйба станциясында жумушчу-спорт инструктору жана кассир;
1993-1996-жылдары – "Россия-Кыргызстан" биргелешкен ишканасында бухгалтер;
1996-2005-жылдары – "Мааткерим" фермердик ишканасында директордун орун басары;
2005-2009-жылдары – "Жаңы Доор" ЖЧК пахта тазалоо заводунун директору болуп эмгектенген.
Акылбек Султанов 2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган.
2009-2010-жылдары – "Түштүк кыргыз цемент" ЖАКсынын ишин камсыз кылуу боюнча директор болгон.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү.
2016-жылы Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан