22- Март 1977 -жылы V жана VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев туулган
V жана VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин Дипломатия жана эл аралык укук факультетин бүтүргөн. 
Эмгек ишмердүүлүгүн 1997-жылы “Манас” аэропортунун бажы терминалында инспектор болуп иштөөдөн баштап, 1998-жылдан тартып “Манас” аэропортунун бажы терминалында улук инспектору болуп эмгектенген.
Ал эми 2001-2003-жылдары “Галенфарм” ЖЧКсынын директору, 2003-2010-жылдары “Галенфарм” ЖЧКсынын коммерциялык директору болгон. 
2009-2010-жылдары Монголия Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу болуп иштеген.
2010-жылдын октябрында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
Ал эми 2015-жылдын октябрь айында “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан