
V жана VI чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасында тергөөчүсү болгонго чейин 1996-жылы Чоң-Алай районунун прокуратурасында стажёр-тергөөчү болуп иштөөдөн баштаган.
1999-жылдын февралынан баштап 2001-жылдын ноябрына чейин Ош облусунун прокуратурасында кылмыштарды тергөөгө көзөмөл боюнча секторунун прокурору болуп иштеген.
2001-2002-жылдары Ош облусунун прокуратурасынын улук тергөөчүсү болуп эмгектенген.
2003-2004-жылдары Ош облусунун прокуратурасында кылмыштарды тергөөгө көзөмөл боюнча секторунун прокурору;
2004-2007-жылдары Ош шаарынын прокуратурасында кылмыштарды тергөөгө көзөмөл боюнча бөлүмдө начальниктин милдетин аткаруучу, начальник;
2007-жылдын августунан 2009-жылдын августуна чейин Ош облусунун прокурорунун улук жардамчысы болуп иштеген.
Ал эми 2009-жылдын сентябрында Жалал-Абад шаарынын прокурору болуп дайындалган.
2010-жылдын ноябрында “Республика” саясий партиясынан V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.
2010-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, ал эми 2012-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.
2015-жылдын 4-октябрында “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.