Тарыхта “Кандуу Мэри” деп аталып калган англиялык
ханыша Мария I Тюдор туулган. Бул ханышага атап мекенинде бир да эстелик тургузулган эмес (күйөөсүнүн туулган жери Испанияда Мариянын эстелиги орнотулган). Анын аты өлүм жазасына тартуулар менен бирге айтылып келет. Ал эми ханышанын каза болгон күнүн өлкөдө улуттук майрам катары да белгилеп келишкен.