18- Февраль 1960 -жылы
Калифорния штатында 8-кышкы Олимпиада оюндары башталган
Калифорния штатынын "Скво-Вэлли" спорттук комплексинде 8-кышкы Олимпиада оюндарынын ачылуу аземи болгон. Эффекттүү ачылыштын сценарийин Голливуддун кинопродюсери Уолт Дисней жазган. Ачылышта олимпиадалык фейерверк атылып, 2,5 миң ырчыдан турган хор тобу ырдап, 2 миң көгүчкөн учурулуп, "Литтл Папуз" тоосунан колдоруна факел кармаган сегиз лыжачынын коштоосунда Мейд Лоуренс түшкөн.