18- Февраль 1564 -жылы
италиялык айкелчи, сүрөтчү жана акын Микеланжело Буонарроти каза болгон
Кайра жаралуу доорунун эң ири чебери, италиялык айкелчи, сүрөтчү жана акын Микеланжело Буонарроти каза болгон.
Микеланжело кичинекей кезинен сүрөт тартып, айкелдерди жасаганга шыгы бар болгон. Аны байкаган атасы аны сүрөтчүлөргө окуткан. Ал жактан аны Лоренцо де Медичи өзүнүн карамагына алган. Микеланжело көптөгөн айкелдерди жасап, атактуулукка жеткен. Анын эң мыкты чыгармалары: "Давид, Пъета", "Сикстин капелласынын шыбы" жана дагы башкалар.