24- Февраль 1969 -жылы V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбеков туулган
V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку
Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбеков Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. Нурлан Төрөбеков жогорку билимдүү, 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Ал эми 1987-1989-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, 1988-1989-жылдары Ооганстан Республикасынын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан.
1990-1992-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин роман-герман факультетинин студенти болгон. Нурлан Төрөбеков 1992-1995-жылдары ишкерлик менен алектенген. Ал эми 1995-жылдын декабрынан тартып Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы болгон. 
2010-жылдын октябрында "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 2013-жылдан тартып Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Нурлан Төрөбеков "Даңк" медалы (1999-ж.), "За заслуги" ордени (ОФ, 2006-ж.) менен сыйланган, мындан башка Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн 36 өкмөттүк жана коомдук сыйлыктарына ээ.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан