19- Февраль 1977 -жылы италиялык футболчу Жанлука Замбротта туулган
Италиялык футболчу, Италия курама командасынын курамында Европанын вице-чемпиону аталган (2000), 2006-жылкы Дүйнө чемпиондугун уткан коргоочу Жанлука Замбротта Италиянын Комо шаарында туулган.  Ал профессионалдык карьерасын 1994-жылы италиялык “Комо” футболдук клубунда баштап, 2013-жылы швейцариялык “Кьясо” футболдук клубунда жыйынтыктаган. Ортодо италиялык “Бари” (1997-1999-жылдар аралыгында), “Ювентус” (1999-2006), каталондук “Барселона” жана италиялык “Милан” (2008-2012) футболдук клубдарында ойногон. Карьерасын Швейцариянын экинчи лигасында ойногон “Кьяссо” футболдук клубунда жыйынтыктап, учурда аталган клубда машыктыруучулук кызматты аркалайт. Замбротта клубдук карьерасында 3 ирет Италиянын чемпиону аталган (2002, 2003, 2011-жылдары).
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан