20- Февраль 1985 -жылы орусиялык ырчы Юлия Волкова туулган
Орусиялык ырчы, "Тату" тобунун экс-солисти Юлия Волкова Москвада туулган. Атасы Олег Волков ишкер, апасы Лариса Волкова балерина болгон. Жети жашында жалпы билим берүү мектебинде, ошондой эле №62-балдар музыкалык мектебинде фортепиано классында окуган. Тогуз жашында “Непоседы” балдар вокалдык-инструменталдык ансамблине кирген. 1995-жылы №1113-жалпы билим берүү мектебинин театрга даярдык бөлүмүнө которулган. Юлия “Ералаш” балдар киножурналына дагы тартылган. 1999-жылы 14 жашында “Тату” тобуна келип, 2000-жылы Гнесин атындагы эстрада-джаз училищесинин вокал бөлүмүнө тапшырган. 2009-жылга чейин Юлия “Тату” группасында ырдап, андан кийин жеке чыгармачылыгы менен иштеп баштаган. 2011-жылы күйөрмандарына жаңы эки ырын тартуулаган. 2012-жылы Юлия “Евровидение” сынагынын тандоо турунда “Back to Her Future” аттуу ырды Дима Билан менен дуэт аткарып экинчи орунга чыккан. 2013-жылы Юлия Волкова жана Дима Биланга “Жылдын дуэти” наамы ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан