30- Март 1968 -жылы
канадалык ырчы Селин Дион туулган
Канадалык ырчы Селин Дион Канададагы Монреаль шаарында туулган. Ырчыга эң алгачкы атактуулук 1982-жылы "Yamaha" фестивалдан жеңгенден кийин келген. Ал эми 1988-жылы Селин Дион "Евровидение" сынагына Швейцариянын атынан катышып, баш байгеге ээ болгондо ырчыны жер шарынын көпчүлүк бөлүгү тааныган. Жеймс Кэмерондун шедеврга айланган "Титаник" тасмасынын саундтрегин Селин Дион аткарган. Анын аткаруусундагы атактуу “My Heart Will Go On” (“Жүрөгүм сени түбөлүк сүйөт”) аттуу ыры жазылган диск дүйнө жүзүнө 27 миллион нуска менен тараган.