Иосиф Сталиндин кызы Светлана Аллилуева Ленинград шаарында төрөлгөн. Светлана МГУнун тарых факультетинде билим алып, ЦК КПСС алдындагы Коомдук илимдер академиясында аспирантураны аяктаган. Аны бүтүргөн соң англис тили боюнча котормочу, адабий редактор болуп эмгектенген.
Советтик державанын диктаторунун тун кызы 1960-жылдардын аягында эле СССРден чыгып кеткен. Жашоосунун акыркы жылдарында ал коомчулукка көп чыкпай, журналисттер менен баарлашпай калган.
С.Аллилуеванын “Двадцать писем к другу” аттуу мемуар китеби жарык көргөн. Ал аны 1963-жылы Москва алдындагы Жуковка айылында болгон маалында жазган. Китеп 1967-жылы жарыкка чыккан.
Сталиндин кызы расмий түрдө 3 ирет турмушка чыккан. 1944-жылы Аллилуева Григорий Морозов менен тагдырын байлаган. Ал анын иниси Василийдин классташы эле. 1949-жылы Юрий Ждановго экинчи ирет турмушка чыккан. Ал БК ВКПнын катчысынын уулу болгон. Андан 1950-жылы Екатерина Жданова аттуу кыздуу болгон.
Эмиграциядан соң С.Аллилуева Швейцарияда, Англия, АКШда жашаган. 1970-жылы ал үчүнчү ирет турмушка чыгат. Бул жолку жолдошу архитектор Ульям Питерс, андан Ольга аттуу кыздуу болот. 1980-жылдары кызы экөө СССРге кайтып келишет, Москвада жана Грузияда эки жылга жакын жашагандан соң өлкө бийлиги менен тил табыша албай АКШга кетип калышкан.
Ошол мезгилден баштап ал коомчулукка көп чыккан эмес. АКШнын Висконси штатындагы Ричленд аттуу кичинекей шаарчасында жашап жүргөн.
2005-жылы “Россия” телеканалына “Светлана Аллилуева жана анын көңүлдөштөрү” аттуу видеотасма үчүн интервью берген, 2008-жылы “Светлана Светлана жөнүндө” аттуу даректүү кинотасмага тартылган.
2011-жылы 22-ноябрда АКШда Советтик диктатор Иосиф Сталиндин кызы Светлана Аллилуева 85 жашында каза болгон. АКШдагы ММКлары ал рак оорусунан көз жумгандыгын айтышкан. АКШ бийлиги анын каза болгондугун бир жума бою жарыялаган эмес.