25- Февраль 1989 -жылы казак ырчысы Кайрат Нуртас туулган
Кайрат Нуртас Казакстандын Чымкент облусундагы Түркстан шаарында туулган. Биринчи жолу сахнага 10 жашында Байкоңурда чыккан. Биринчи соло концертин 2008-жылы Алматы шаарында берген. Ал Шамши Калдаяков, Асет Бейсеуов, Ержан Серикбаевдин ырлырын аткарып, кээ бир чыгармаларын өзү жараткан. Ырчынын продюсери жана демөөрчүсү да апасы Гульзира Айдарбекова болгон. 

Көп жыл бою өзүнүн үй-бүлөсүн жашырып келген ырчы 2017-жылдын аягында телеканалдардын бирине берген маегинде ал үй-бүлөлүү экенин тастыктаган. Үйлөнгөнүнө 10 жыл болгондугун айткан ырчынын бул жообу көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, интернеттеги социалдык тармактын колдонуучулары уккандарына ишене албай жатышканын жазышкан.

Ушул эле жылдын сентябрь айында ырчы жубайы менен бир тасмада башкы каармандардын ролун аткарышкан.

Ал эми 2018-жылдын март айынын аягында миллиондогон күйөрмандарына жубайы Жылдыз Абдукаримова, 2 уулун жана 2 кызын көрсөткөн. Океандын ары жагына чейин таанылган ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасына үй-бүлөлүк сүрөтүн жарыялап, сүрөттүн алдына:

"10 жыл бою үй-бүлөмдү коомчулуктан жашырганым:

Очогумдун бузулбай тынчтыкта өмүр сүрүшүн каалаганым.

10 жыл бою жубайымды жашырганым, өзүмө-өзүм ишенгеним.

Көпчүлүккө көрсөтпөй, өзүм гана көргөмүн.

10 жыл бою балдарымды жашырганым,

Алар менин кымбат казынам, асылдарым.

Ал эми казагым - кызыл кырман, жашыл багым.

Баары силер үчүн, мендеги барды жашырбай,

Бүгүн силер үчүн ачылып турган чагым", - деп акындык өнөрүн ачты. Бул күйөрмандарынын суроолоруна татыктуу жооп болгон.

Күйөрмандары ырчыга бакыт тилеп, уул балдары апасына, ал эми кыздары атасына окшош экенин айтып билдирүү жазышкан. 

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан