31- Март 1925 -жылы
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун Аткаруу комитети иштей баштаган
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун Аткаруу комитети иштей баштаган. Жаңы куралган Облустук Аткаруу комитетте адегенде 11 адам үчүн штат ачылып, биринчи төрагалык кызматка Абдыкадыр Орозбеков дайындалган.
А.Орозбеков Маргалаң уездиндеги Охна кыштагында жарык дүйнөгө келип, анын кедей-дыйкан үй-бүлөсүнөн чыккан теги Совет бийлигинин таптык саясатына дал келген. Облустук Аткаруу Комитетте негизинен жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмгектенген менен облустагы бардык маселе Кыргыз облустук партия комитетинде чечилген. Мындан улам Облустук Аткаруу Комитети кийин партиялык диктатка нааразылыгын билдирип Москвага кат жолдогон.