2- Март 1791 -жылы
Семафордук алиппе колдонууга кирген
Францияда кемелер үчүн семафордук алиппе (эки башка кемеде туруп кыймыл-аракет, жаңсоолор аркылуу кабар алмашуу) колдонууга киргизилген.
Бүгүнкү күндөгү семафордук алиппени 1895-жылы вице-адмирал Степан Осипович Макаров иштеп чыккан. Ал 29 тамга жана 3 кызматтык белгиден турат. Анда сандар жана тыныш белгилер жок. Баары тамга, сөздөр менен берилет. Мисалы, “7” саны “жети”, ал эми “,” белгиси “үтүр” деп жазылып, 30x35 сантиметр өлчөмүндөгү кездемеге жазылып, байрак жасалат. Байрактын түсү кечкисин ачык түстөгү, күндүзү болсо кара түстөгү кездемеден даярдалат.