31- Март 1954 -жылы Латвиялык-орусиялык ырчы жана актриса Лайма Вайкуле төрөлгөн

Латвия жана орусиялык ырчы, актриса Лайма Вайкуле Латвия ССРнин Цесис шаарында төрөлгөн. Лайма Вайкуле 12 жашынан тартып эл алдына чыгып ырдай баштаган. 8-классты аяктаганда медициналык окуу жайга тапшырган. Ал эми 15 жашында конкурстан өтүп, Раймонд Паулстун башкаруусу алдындагы ригалык радио жана телевидение оркестринин солисти болгон. 1984-жылы Орусиядагы театралдык искусство институтунун режиссёрдук бөлүмүнө тапшырган. Окуп жүргөндө аны акын Илья Резник байкап, өзү жазган "Түнкү костёр" ("Ночной костёр") ырын ырдоону сунуштаган. Кийин ырчы Валерий Леонтьев менен "Вернисаж" аттуу чыгарманы аткарган соң, популярдуу боло баштаган.

1989-жылы америкалык продюсер Стен Корнелиус ырчыны АКШга чакырган. Л.Вайкуле 7 ай Америкада иштеп, бир ыр жыйнагын жаздырган. Батыштын маалымат каражаттары аны "Орустун Мадоннасы" аташкан. Кийинчирээк Борис Моисеев менен "Прибалтикадагы роман" ("Прибалтийский роман") ырын жаздырып, клип тарткан. Бул чыгарманын клиби телеканаларда байма-бай коюлуп турган.

Чыгармачылыгы гүлдөп турган маалда ырчы көкүрөктүн рагына кабылган. Оору менен күрөшүп отуруп, акыры аны жеңе алган.

Жеке жашоосу

1970-жылдан бери Л.Вайкуле продюсер, мурдагы бас-гитарист Андрей Латковский менен жарандык никеде жашайт. Ырчы катуу ооруганда жолдошу ага колдоо көрсөтүп, жанында болгон. Түгөйлөрдүн ортосунда балдары жок. Л.Вайкуле жаш аткаруучулардын конкурсу "Юрмаланы" негиздегендердин бири. Анын катышуучуларына ырчы мээримин төгүп, апасындай мамиле кылат.Толук маалымат: http://www.super.kg/kabar/news/182109/

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан