5- Март 1949 -жылы Советтик киноактёр Талгат Нигматулин туулган
Теги татар кыргыз совет киноактёру Талгат Нигматулин Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында кенчинин үй-бүлөсүндө туулган (атасы татар, энеси өзбек кызы эле). Талгат эки жашка чыга электе эле атасы Кадыр кырсыктан улам каза болгон. Энеси мектеп директору болуп иштегенине карабастан, алар жакыр турмушта жашашкан. Энеси Талгатты балдар үйүнө тапшырган. Талгат алгач орус тилинен кыйналган. Ден соолугу да начар болгон, себеби бала чагында итий оорусуна кабылган. Пионер лагерине барганында бир кыз буту ийри Талгат менен бийлөөдөн баш тартат. Ошондо ал спорт жана бий менен алектене баштайт. Ал каратэ боюнча Өзбекстандын чемпиону болгон. Тырышчаактыгы менен орус тилин да бара-бара мыкты өздөштүрүп кеткен.
Кинорежиссёр болууну эңсеген Талгат Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) окууга тапшырып, бирок дароо ага өтө албай, Москвадагы Цирк жана эстрада өнөрү окуу жайына тапшырат. Кыргызстандан белгилүү кунг-фу адиси Эсен Исмаилов менен таанышып, эки жыл анын таалимин алат. Натыйжада каратэ боюнча Өзбекстандын чемпиону болуп, СССРдин чемпиондугунда 6-орунду ээлеген.
Анын талантын байкаган киночулар аны тасмага чакырышат. 1967-жылы ал “Комиссар тууралуу баллада” фильминде ак гвардиячы офицердин ролун аткарган. ВГИКте окуп жүргөндө анын курсташтарынын арасында Наталья Аринбасарова, Николай Ерёменко сыяктуу болочоктогу жылдыздар да болгон.
Талгат 1971-жылы ВГИКти аяктап, Ташкентке келет да, “Өзбекфильм” киностудиясында иштей баштайт. Режиссёр Али Хамраевдин “Жетинчи ок” тасмасына (1972) жердештери Сүймөнкул Чокморов жана Болот Бейшеналиев менен бирдикте тартылат. 1976-жылы “Сиявуш баяны” тасмасына да тартылган.
Талгат Нигматулин бош убактыларында аңгеме да жазган. 1978-жылы СССР Мамкиносунун сценаристтерди жана режиссёрлорду даярдоочу жогорку курсун аяктайт.
Талгат Нигматулин “ХХ кылымдын деңиз каракчылары” аттуу тасмага досу Николай Ерёменко менен бирге тартылып (режиссёру – Борис Дуров), Салехтин ролун аткарган. 1979-жылы көрөрмандарга сунушталган бул тасманы 1990-жылга чейин 120 миллион киши көргөн. Анда совет киносунда алгачкы жолу каратэ көрсөтүлгөн.
1980-жылдардын башында Талгат “Төртүнчү жол” аттуу жашыруун сектага мүчө болот, аны кыргызстандык Абай Бөрүбаев жана экстрасенс Мырза Кымбатбаев жетектешкен. Ал түгүл 1981-жылы Талгат “Жаңырык” аттуу он мүнөттүк фильм тартып, ага Мырза менен Абайды да катыштырган.
1985-жылы февралда сектада жиктелүү жараяны башталган. Абай Талгаттын колу менен “жикчилерди” жазаламак болот, бирок Талгат баш тартат. 11-февралга караган түнү Вильнюстагы сүрөтчү Андрюстун батиринде Талгатты сабап киришет, 11-февралда түшкө маал Талгат көркоолордун таягынын айынан набыт болгон. Анын сөөгү Ташкентке коюлган. Талгат өлөр алдында ортодокс христиан динин кабыл алган. Абай 14 жылга абакка кесилип, ал жактан каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан